Нарын: мыкты окуучулар сый көрдү

Биринчи жолу өткөн бул салтанатты өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты уюштуруп, майрамдык иш-чарага резервдик фонддон 70 миң сом бөлүндү.

Нарын облусунан “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын он окуучу алды.

Жалпы билим берүүчү уюмдардын «Алтын тамга» аттестатын алууга талапкер бүтүрүүчүлөрүнүн билим алуудагы жетишкендиктерин баалоо максатында Билим берүү министрлиги ушул жылы атайын тест уюштурган.

"Алтын тамга" аттестатына Ат-Башы районунан алты, Нарын шаарынан эки, Кочкор жана Нарын райондорунан бирден бүтүрүүчү татыктуу болду.

Көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланып, мектеп бүтүрүүчүлөрү өздөрү флеш-моб уюштурду.

Катышуучуларга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов ыраазычылык каттарды жана белектерди тапшырып, куттуктады.

22-июнда мыкты жетишкендиктерди камсыздаган окуучулар үчүн салтанаттуу азем өттү. Салтанатка "Алтын тамга" артыкчылык аттестатынын ээлери, эл аралык, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеген жана республикалык кароо-сынактарда, спорттук мелдештерде ийгиликке жетишкен окуучулар, мугалимдер, машыктыруучулар болуп бардыгы 180 адам катышты.