Караколдо “Ысык-Көлдүн тарыхый мурасы” аттуу фотокөргөзмө уюштурулат. Анда XX кылымдын башында Ысык-Көл аймагында жашаган кыргыздардын турмушу чагылдырылат.
Сүрөттөрдүн көбү Борбор Азияга изилдөө үчүн келген окумуштууларга жана саякатчыларга таандык. Арасында жергиликтүү элден тышкары, ошол жылдары Ысык-Көлгө келген белгилүү кишилердин сүрөттөрү да бар.
Көргөзмө 24-июнда Ы.Туманов атындагы окуу жайда болот. Аны Туроператорлор бирикмеси, VisitKarakol социалдык бизнес-долбоору, “Көчмөн” коомдук фонду, облустук архив жана шаар мэриясы бирге уюштурууда.