Тажикстандын мурдагы Ички иштер министри, Элдик фронт лидерлеринин бири Якуб Салимов 21-июнда абактан чыкты.
Якуб Салимов 13 жыл мурда Москвада кармалып, 2004-жылдын апрелинде Тажикстан Жогорку соту аны “чыккынчылык”, “куралды мыйзамсыз сактоо жана таратуу”, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” беренелери менен 15 жылга кескен.
2012-жылдагы мунапыс боюнча жаза мөөнөтү 2 жылга кыскарган.
Салимов Элдик фронттун таасирдүү командири деп эсептелчү. Эмомали Рахмон бийликке келгенден кийин министрликке дайындалган.
1997-жылы Кожентте Рахмонго кол салуу болгондо аны Салимов сактап калган. Ошол эле жылы куралдуу төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыпталып, өлкөдөн чыгып кеткен.
2003-жылы Орусияда кармалып, экстрадицияланган. Сот аны аскер чиндеринен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыраткан.