Окинавада АКШнын аскерий базасына каршы нааразылык акциясы өттү

Акцияга он миңдеген адам чыкты.

Жапониянын Окинава шаарынын он миңдеген тургундары жекшембиде нааразылык акциясына чыгышты. Алар жапон аралындагы америкалык аскерий күчтөрдүн жайгашышына каршылыгын билдиришүүдө.

Акциянын башында чогулгандар апрель айында америкалык жоокердин колунан өлгөн 20 жаштагы жергиликтүү кыздын элесин эскеришти.

Демонстранттар бийликтен Жапония менен АКШ ортосундагы коопсуздук келишимин кайра карап чыгууну жана америкалык жоокерлердин аралдан чыгып кетишин талап кылышты.

Ушул тапта Окинавада 26 миңдей АКШ аскери бар. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин арал дээрлик 27 жыл АКШ администрациясынын башкаруусунда болгон.