Узаган аптада Түркмөнстан баш калаасы Ашхабад шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлагандай, 14-16-июнь күндөрү кыргызстандык өнөрпоздор түркмөн элине концерт тартуулап, улуттук буюмдардын көргөзмөсүн уюштурушту.
Маданият күндөрүнө “Камбаркан” ансбамбли, “Ак марал” бий тобу жана башка артисттер барышты. (SE)