Йога кербени Караколдо

Иш-чараны Индия өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилиги, "Алтын Таж" Индия-Кыргызстан достугу коомдук фонду жана Кыргызстан агрардык платформа коомдук бирикмелери уюштурган. 

Йога күнү БУУ тарабынан 2014-жылы 170тен ашык өлкөнүн анын ичинде Кыргызстандын колдоосу менен кабыл алынган. Кыргызстанда өткөн жылдан бери йога күнү белгиленип келет.

Адистердин айтымында, йоганын техникасы организмдин өзүн-өзү дарылоосуна же сакайтышына толук мүмкүндүк берет.

Йога илим катары илгертеден бери белгилүү. 

Хатха йогасы - денени физикалык жактан калыбына келтирсе, Штанга йога - булчуңдардын өсүшүнө шарт түзөт. Кундалини йога - адамдын ички дүйнөсүндөгү жөндөмдүүлүктү ойготсо, Раджа йога - адамга руханий жактан өсүшкө колдоо көрсөтөт.