Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 17-июнда катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, аймактагы бир катар көпүрөлөргө жана ички жолдорго зыянын тийгизди. Ак-жол дарыясында суу көбөйүп, жээкти жеп кеткенин жана кооптуу кырдаал түзүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Селден улам Бишкек-Ош жолунун район аймагындагы бөлүгүнө шагыл түшүп, кечинде каттам убактылуу токтоп калган.
Оштун Кара-Кулжа районунда да сел жүрүп, турак-үйлөрдү каптоо коркунучу жаралган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.(SE)