Каракол - кыргыз Давосу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Каракол шаары жана анын четиндеги айылдар төрт мезгил бою турист кабыл алуу дараметине ээ. Шаардагы тарыхый имараттар, эски үйлөр жана эстеликтер, уникалдуу ашкана туристтерди жайдыр-кыштыр өзүнө азгырып турат. Бул жагдай жергиликтүү тургундарга чет элден келген конокторду жогорку сапатта тейлөөгө үйрөтүп жатат. "Азаттык+" бул ирет Караколдун көркөмдүгү жана жергиликтүү ишкерлердин туризмди өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу берүү даярдады.