Британ парламентинин депутаты киши колдуу болду

46 жаштагы Жо Кокска 16-июнда Англиянын түндүгүндөгү Лиддс шаарына жакын жерде кол салуу болуп, ал алган жаракатынан көз жумду.

Ага 52 жаштагы адам кол салганы аныкталганы менен анын аты-жөнү жарыялана элек. 16-июнда ал көчөдө Жо Кокско ок атып, ал жыгылгандан кийин бир нече жолу бычак сайган.

Мындан улам Улуу Британиянын Евробиримдикке мүчө катары калышын жактаган жана ага каршы болгондордун бардык акциялары убактылуу токтоду. 23-июнда бул маселе боюнча референдум өтмөк.

Кол салуунун себептери азырынча беймаалым. Маркум Улуу Британиянын биримдикке мүчө катары калышын кубаттап келген.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон окуяны трагедия деп атап, Гибралтарга болгон сапарын кийинкиге жылдырды.