Путин менен Юнкер Орусия-ЕБ мамилесин талкуулайт

Европа Биримдигинин президенти Жан-Клод Юнкер менен орус президенти Владимир Путин, 16-июнь

Европа Биримдигинин президенти Жан-Клод Юнкер менен орус президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы Экономикалык форумда жолугат. Анда лидерлер эки тараптын мамилеси, санкция, миграция кризиси жана эл аралык маселелерин талкууларын Владимир Путиндин эл аралык иштер боюнча жардамчысы Юрий Ушаков 15-июнда билдирген. Анын айтымында, Путин менен Юнкер Сирия жана Украина чатагын жөнгө салууну да сүйлөшөт.

Санкт-Петербург форумуна келген Франциянын мурунку президенти Николя Саркози эки тарап тең санкцияларды алышы керектигин, күчтүү тарап катары Орусия биринчи алышы керек деген пикирин билдирди:

- Мен санкциялар алынышы керек дегендердин биримин. Бизде башка тарапта да жетиштүү проблемаларыбыз бар, эми биз бири-бирибиз менен күрөшө албайбыз да. Күчтүү тарап биринчи кадам жасашы керек. Күчтүү тарап Орусия жана президент Путин.

Санкт-Петербург экономикалык форумуна Европа Биримдигинин президенти Жан-Клод Юнкер биринчи жолу катышууда. (AiT)