Баткенде быйыл өрүк мол
Баткенде жалпысынан өрүктүн 20дан ашык сорту бар. Акыркы жылдары кандек, мирсанжалы, аккандек, касеки деген илгерки сорттордун саны кыскарып кеткен. Эски өрүктөрдүн ордуна мол түшүмдүү, базар үчүн көрүнүшү жагымдуу жаңы сорттор тигилген.
Учурда Баткендеги ар бир эле үй-бүлөдө түшүмдү коромжусуз жыйнап алуу ниетинде жаш балдардан баштап аксакалдарга чейин өрүк менен алек.
Кээ бирөөлөр атайын тактайлардан өрүк жайгыч жасап алышкан. Өрүк желим тасмалга төккөндө жакшы кургабай калат.
Өрүк кургатуу маалында күн ачык болуп, жаан жаабай турушун тилешет. Анктени жаанда калган өрүк жакшы кургабай, көрүнүшү начар болуп, сапатын жоготот.
Өрүк менен бирдей эле эрте бышчу алмалар да даяр болду.