Бишкекте Орландо кыргынынын курмандыктары эскерилди

Курмандыктарды эскерүү.

Кыргызстандыктар 15-июнда Бишкектеги АКШ элчилигинин алдында Орландо окуясынын курмандыктарын эскеришти. Американын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни ок атуулардан курман болгондорду эскерүүгө келгендерге ыраазылык билдирди:

“Орландодогу кайгылуу окуяда жабыр тарткандардын элесине элчиликтин алдына гүл, сүрөт, кат, тасма жана шамдарды коюп кеткендерге рахмат айтабыз. Алардын боорукерлиги жана мээримдүүлүгү үчүн ыраазыбыз жана сыймыктанабыз”, - деп жазды Шейла Гуолтни АКШ элчилигинин “Фейсбуктагы” баракчасына.

12-июнда АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарында кумсалардын түнкү клубуна болгон кол салуудан 49 адам каза тапты. 50дөн ашууну түрдүү жаракат алышкан. Кылмышкер делген теги оогандык АКШ жараны Омар Матин полиция менен атышууда жок кылынган. (NT)