Ала-Букадагы ажайып сулуулук

Айылдар Көк-Серек сайынын боюнда тоо этектеп жайгашкан жана таштуу адырлар менен курчалган өзүнчө оазис. 

Оң жактан да, сол жактан да өзгөчө боз-кызымтыл каньон тоолору менен курчалган. 

Мындай узун каньон кырка тоолорду Кыргызстанда башка кезиктирбейсиң. Сайдын башы мөңгүлүү тоолорго барып такалат.

Акыркы убакта ММК Кыргызстан жайгашкан территория  бир нече миллион жылдар мурун океандын жээги болгон деген гипотезаларды ушул тоолор ырастап турат окшойт. 

Азыр болсо биз бул кооздукка көзүбүздү тойгузуп, ички жана тышкы экологиялык туристтерди тартчу өзгөчө кооз жер.