Нарындын айрым айылдарын сел каптады

Бүгүн Нарын облусунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, өткөн түнү тынымсыз жааган катуу жамгырдын жана тоодон агып келген агын суулардын кесепетинен Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды, Казыбек, Талды-Суу жана Ат-Башы айылдарында сел жүрүп, турак жайларга, көпүрөлөргө, ички чарбалык жолдорго жана айдоо аянттарга коркунуч жараткан. Түнү менен атайын ыкчам топтор түзүлүп, күч жана каражаттар тартылып, жарандардын өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо жана материалдык чыгымды болтурбоонун бардык аракеттери көрүлүүдө.

Баш-Кайыңды айыл аймагынын балансындагы жайыт жерлерди, мүрзөлөрдү жана сарайларды байланыштырган ички көпүрөнү толугу менен суу алып кеткени кабарланууда.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Тоң райондорунда да кооптуу абал түзүлгөндүктөн кырсыкты алдын алуу аракети көрүлүп жатат.

Ал эми Баткендин Сары-Талаа, Жаңырык айылдарынын ортосундагы ички чарбалык унаа жолунун 2-3 жеринен сел түшүп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Кырдаалга көзөмөлдү министр Кубатбек Боронов жеке өзү жүргүзүүдө. (RK)