Орусиялык хакерлер атайын кызматтын тапшырмасы менен АКШнын Демократиялык партиясынын Улуттук комитетинин компьютердик түйүнүн бузуп, Республикачылар партиясынан президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшү мүмкүн болгон Дональд Трамп тууралуу маалыматтарды алган. Бул тууралуу "Вашингтон Пост" гезити жазып чыкты. Маалыматка караганда, хакерлер демократтардын эксперттери топтогон Трамптын таржымалын жана электрондук кат алмашууларды көчүрүүгө жетишкен.
"Хакердик чабуулдун изи билинери менен аларга жолтоо болуу үчүн олуттуу аракеттер көрүлдү. Чабуулга бөгөт коюлду", - деп билдирди Демократиялык партиянын өкүлү Дебби Вассерман.
"Вашингтон Пост" жазып чыккандай, демократтардын системасын бузууга хакерлердин эки тобу катышкан. Анын бири Орусиянын Башкы чалгын башкармалыгынын тапшырмасын аткарган. Орус чалгынчылары Демократиялык партиянын өкүлдөрүнүн электрондук даректерин былтыр жайдан бери байкап жүргөнү айтылууда.