"Коопсуз шаар" долбоорун милиция жалгыз ишке ашыра албайт, бул үчүн жергиликтүү бийликтин колдоосу керек. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
- Жол, жолдун үстүндөгү сызыкчалар, белгилер, светофорлор жергиликтүү бийликтин колунда. Аларсыз, алардын жардамысыз "Коопсуз шаарды" ишке ашыра албайбыз. Видеофотофиксация техникабызды илип койгон күндө да алдыга жылбайт.
"Коопсуз шаар долбооруна" инвестор издөө 2011-жылы кытайлык компаниянын утушу менен аяктаган. Бирок ал тендердин жыйынтыгы кайра жокко чыгарылган.
Ал эми 2015-жылы Орусиянын "Стилсофт" компаниясы уткан, бирок учурда аталган компаниянын башка фирмалар менен соттук териштирүүлөрү жүрүп жатат. (RK)