Бишкекте “Донор күнү” акциясы уюштурулат

Кан.

Кан берүүчүлөрдүн эл аралык күнүнө карата бүгүн Бишкек-Парк эс алуу борборунда өтө турган акцияда донорлорго болгон муктаждык тууралуу элге түшүндүрмө берилет. Бул тууралуу Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, башка мамлекеттерге салыштырмалуу Кыргызстанда кан донору жетишпейт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча ар бир миң адамга 40-60 донор туура келиши керек. Бирок Кыргызстанда миң адамга беш-жети донор гана туура келет.

Өлкөдө азыр 4 миңге чукул ардактуу донор бар. Аларга айына миң сомдон жөлөк пул берилип турат. (NT)