Беларус АКШ санкцияларды жакында алат деп үмүттөнөт

Беларустун Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттар тарабынан 2006-жылы киргизилген санкциялар жакынкы мезгилде толугу менен алынарына үмүтүн билдирди. 2006-жылы АКШ Беларустун президенти Александр Лукашенконун жана жогорку даражалуу тогуз чиновниктин банк эсептерин камакка алган. 10-июнда Вашингтон ал чектөөлөрдү дагы бир жылга узартты.

Беларустун Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Дмитрий Мирончук, АКШнын бул чечими Беларустун башка мамлекеттер менен мамилесиндеги позитивдүү өзгөрүүлөрдү эске алган эмес деп билдирди. 2015-жылы декабрда АКШ Беларустун мунай гиганты "Белнефтехимге" киргизилген санкцияны алып салган.

Беларус 2008-жылы Вашингтондогу элчисин чакыртып алып, АКШнын элчисинен да өлкөдөн чыгып кетишин талап кылган. Батыш менен Беларустун мамилеси расмий Минсктин жарандык коомго карата катаал чараларына байланыштуу бузулган. (AiT)