Дастан Сарыгулов УКМКга камалды

Дастан Сарыгулов

Дастан Сарыгулов Улуттук коопсуздук комитетине камалды. Ал бийликти күч менен басып алууга аракет жасоо тууралуу кылмыш иштин негизинде, жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу шектүү катары кармалганын, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалганын бүгүн аталган мекемеден кабарлашты.

Ошону менен катар УКМК учурда "Камеко", "Кумтөр оперейтинг", "Кумтөр голд", "Центерра голд" компанияларынын мурдагы президенти Леонардо Хоменюктун Сарыгулов "Кыргызалтындын" башчысы болуп турганда коррупциялык иштерге барганы тууралуу көрсөтмөлөрүн талдап жатканын кабарлоодо.

Мекеменин белгилешинче, "Кумтөр" долбооруна байланыштуу тергөө мурдагы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиевдин тегерегиндегилердин бир катар каршылыктарына дуушар болгон. Ошондуктан быйыл март айында бийликти басып алуу планы "Кумтөр" долбоорундагы коррупциялык иштердин ашкере болушуна жол бербөө максатын көздөгөн деген версия каралууда.

69 жаштагы Дастан Сарыгулов 1992-1999-жылдары "Кыргызалтын" мамлекеттик концернин жетектеп, "Кумтөр" долбоорунун куратору болуп иштеген.

Быйыл жазында оппозиция бийликти басып алууну пландоодо деген негизде бир нече саясатчы УКМКга камалган. Ошол эле кылмыш иш боюнча Дастан Сарыгулов үй камагына алынган. (RK)