Обама Ооганстандагы АКШ аскерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтти

Ооганстандагы АКШ аскерлери.

Президент Барак Обама ооган күчтөрүнө Талибанга каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында Ооганстандагы АКШнын аскерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү колдоду. Бул аба күчтөрүнүн да көбөйүшүн шарттайт деп Reuters агенттиги жазып чыкты.

Эгер буга чейин АКШ аскерлери операцияларда Ооганстандын атайын аскерий күчтөрүн гана коштоп жүргөн болсо, мындан ары алар жалпы ооган аскерлерин коштоп жүрүүгө мүмкүндүк алат. Ал эми кайсы операцияга кандай күчтөрдү коштоп жүрүүсүн Американын Ооганстандагы командири генерал Жон Николсон чечет.

Мурун АКШнын аскерлери талибдер ооган аскерлерине оор зыян тийгизүү коркунучу пайда болуп атканда гана кийлигишип, жардамга келүүгө уруксаты бар болсо, эми алар талиптерге каршы чабуул учурунда да көмөктөшүп, алдын алуу мүнөзүндөгү операцияларга катышууга жол ачылат.