Түп айылында он эки жаштагы Бактыяр Турганбаевдин дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу анын атасы Мирлан Иманалиев "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда, бала 9-июнда каналдын жээгине ойногону кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Суу жээгинен кийимдери ар кайсы жерден табылган.
Мындан улам ата-энеси анын уурдалышы мүмкүндүгүн айтышууда. Азыр милиция жана куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүшүүдө. (AsM)