Кремль допинг жаңжалы боюнча жаңы айыптоолорду четке какты

Орусиянын спорт министри Виталий Мутко

9-июнда президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков орус спортундагы кызытма тууралуу маалымат бергендерди “30 теңгеге сатылгандар” катары баалады.

Германиянын АРД каналы 8-июнда көрсөткөн жаңы документалдык фильмде Орусиянын спорт министри Виталий Мутко спортчулардын кызытма колдонгонун жашырууга тиешеси бардыгы айтылат. Фильмде Москвадагы антидопинг лабораториясынын мурунку башчысы Григорий Родченков кызытма колдонгону билинип калган жеңил атлетчилер 500 миң доллар берип, дисквалификацияга кабылуудан кутулган дейт. Анын айтымында, кызытма колдонгонун ашкере кылбоо үчүн спортчу акчаны машыктыруучусуна, андан ары ал акча жеңил атлетика боюнча эл аралык бирикмеге кеткен. Ортомчулук ишине спорт министринин жардамчысы Наталья Желанова аралашкан.

Фильмдин авторлору Орусиянын спорт министри Мутко спортчулардын кызытма колдонгонун билип эле калбай, аны жашырууга көмөк кылган деп эсептейт. Виталий Мутко айыптоолорду “Орусияны каралоо” деп төгүндөдү.

Эл аралык олимпиадалык комитеттин башчысы Томас Бах кызытма жаңжалдарына байланыштуу быйыл Рио-де-Жанейродо боло турган олимп оюндарына Орусия спортчулары катышпай калуу мүмкүндүгүн май айында эскерткен. (AiT)