Таласта банктан насыя алгандар нааразылыкка чыгышты

Бишкекте насыячылар өткөргөн акциялардын бири

Талас шаарында бүгүн банктан насыя алган жүз чамалуу киши Улуттук банктын облустагы өкүлчүлүгүнүн алдына чыгышты. Алар насыя берүүчү мекемелердин жабылышын талап кылышып, үстөк пайыздардын жогору экенине нааразылык билдиришти. Көбү күрөөгө койгон турак жайларынан, ден-соолуктарынан ажырап, жакырчылыктын сазына баткандарын айтышты.

Улуттук банктын Таластагы жетекчиси Хусейин Акимбеков митингчилер менен жолугушуп, койгон талаптарын карап көрүүнү убада кылды. Акцияга чыккандар эки күн күтүшөрүн, алгылыктуу жооп болбосо, катаал чараларга барышарын эскертишти.

Буга чейин Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарында жана Бишкек шаарында да насыя алгандар митингге чыгышкан. (SS)