Анткен менен республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел коркунучу сакталат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
9-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17...22, күндүз 31...36;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 18...23, күндүз 32...37;
Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 11...16, күндүз 21...26;
Нарында түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте 9-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20...22, күндүз 33...35 градуска көтөрүлөт.