УОКтун баш катчысы кызматына Саламат Эргешов дайындалды

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети 7-июнда баш катчы кызматына Саламат Эргешовду шайлады. Бул тууралуу УОКтун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Эргешовдун талапкерлигин Эл аралык олимпиада комитети жана Азия олимпиада кеңеши бекиткен. Ал Улуттук олимпиада комитетинде 2006-жылдан бери иштейт. 2011-жылдан бери Азия олимпиада комитетинин мүчөсү.

7-июнда УОКтун мурдагы баш катчысы Канат Аманкулов Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болуп дайындалган эле. (NT)