Салык кызматынын Бишкек шаар башкармалыгы жоюлду

Кыргызстандагы эң ири салык төлөөчү "Кумтөр" алтын кен ишканасы.

Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, Бишкек шаары боюнча башкармалыкты жоюу тууралуу буйрукка мекеме жетекчиси Замирбек Осмонов бүгүн кол койду.

Бул аракет аталган кызматты реформалоонун алкагында жүзөгө ашты. Реформа боюнча мекеме райондук жана борбордук башкаруу системасына өтүүдө. Бишкек салык кызматынын жумушсуз калган кызматкерлери борбордун райондорунда ишке орноштурулат. (NT)