Деңизге чөгүп кеткен качкындар саны 10 миңден ашты

Качкындар.

Качкындар.

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары берген маалыматка караганда, 2014-жылдан бери бейпил жашоо издеп Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан Жер орторлук деңизи аркылуу Европага сапар тарткан он миңден ашуун адам жашоо менен кош айтышты. Деңизде каза тапкандар өткөн жылы кескин көбөйгөн.

Ал тапта Европа биримдиги Африка өлкөлөрүнөн келип жаткан мигранттардын санын кыскартуу боюнча планын жарыялады. Ага ылайык, Европа биримдиги Эфиопия, Нигер, Нигерия, Мали жана Сенегал мамлекеттерине жеке инвестиция тартуу үчүн 60 миллиард доллар бөлөт. Каражатты Иордания менен Ливияга да жумшоо пландалууда.