Кытайдын “Дүйнөлүк маданий форум (Тайху, Кытай)” бейөкмөт уюму эл аралык жыйынын быйыл төртүнчү ирет чакырууда. Анын башкы урааны “Адамзат тагдырын камтыган коомчулукта жаңы цивилизациялык кырдаалды калыптандыруу үчүн эриш-аркак аракет кылуу” деп аталат.
7-июнда уюмдун маданий иш-чаралары башталып, ага 20дан ашуун мамлекеттен 800дөн ашуун өкүл катышууда. Кыргызстандан жыйынга вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева катышып, 8-июнда жыйындын расмий ачылыш аземинде сүйлөйт. Кыргызстандан биртоп маданий ишмерлер жыйынга чакырылган.
Кытайдын өзгөчө башкаруудагы Макао аймагындагы айтылуу “Венеция конок үйүндө” өтүп жаткан иш-чарада экология көйгөйлөрү жана байыркы Улуу Жибек жолундагы соода жана руханий алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланмакчы.
Быйылкы иш-чараны ЮНЕСКОнун Философия жана гуманитардык илимдер боюнча эл аралык кеңеши да колдоого алууда.
Эларалык маданий жыйындын буга чейинки отурумдары Кытайдын Сучжоу, Нанчаң, Ганчжоу, Шанхай сыяктуу шаарларында жана Парижде өткөрүлгөн.(TT)