Түркиянын Стамбул шаарындагы жардыруудан каза болгон жана жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти.
“Стамбулдагы консулдук тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок”-деп билдирди аталган министрликтен.
Бүгүн Стамбулда Беязыт районунда автобустук аялдаманын жанында жарыдыруу болуп, 11 адам набыт кетти. 35тен ашууну жараат алды.(BkA)