Автоунаанын өрттөлүшүнөн жабырланган алты адам оор абалда

Өрт.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, автоунаанын жарылуусунан жабырлданган он бир адамдын алтоосу оор абалда Бишкектеги №4 оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. Алардын денесинин көпчүлүк бөлүгү күйүп калган.

Калгандары ар кыл деңгээлдеги жаракат алып, учурда дарыланып жатат.

6-июнда кечке жуук Фучик көчөсүндө май ташыган унаа жарылып, өрттөнүп кеткен. Аны өчүрүү маалында 11 адам жаракат алган. Кырсыкка окуяга газ жабдыгын туура эмес колдонуу себеп болгону болжолдонууда.(BkA)