Каракөл мэри өзүнө козголгон кылмыш ишин каралоо деп атады

Каракөл шаарынын мэри Мамбет Койчиев жерди ижарага берүү боюнча өзүнө карата козголгон кылмыш ишин куру доомат жана каралоо деп атады. Ал азыр ооруканада жатканын, кылмыш иши тууралуу эч кандай маалымат ала электигин “Азаттык” радиосуна билдирди.

6-июнда Жалал-Абад облустук прокуратурасы Мамбет Койчиевге кылмыш ишин козгоп, аны кызматтан алуу боюнча премьер-министрге сунуш жолдогон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мэр шаардагы 1 миң 513 чарчы метр жерди кафе куруу үчүн 15 жылга мыйзамдагы көрсөткүчтөн арзан ижарага берген. Анын эсебинен мамлекетке 1 миллион сомдон ашык зыян келген. Ошондой эле шаарга караштуу 15 гектар жерди цемент завод курууга мыйзамсыз берип койгон.

-Кафе куруу боюнча ижарага берилген жер тууралуу алгач ирет угуп жатам. Эч кимге жер берген эмесмин. Ал эми цемент заводго байланыштуу былтыр иликтөө жүрүп, курулуш иштери токтотулган,- деди Койчиев. (SE)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамбет Койчиев менен маекти ушул жерден угуңуз