"Керегин ал, керексизин бер"
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
2-июнда Нарында жаштардын “Биздин тилек” кайрымдуулук фонду уюштурган “Кереги тийсе ал, кереги тийбесе бер” кайрымдуулук акциясы болду. Акция учурунда чогултулган кийим кече, тиричилик буюмдар жана китептер фонддун жардамы менен облустун аймагындагы муктаж адамдарга таркатылат. Мындай акция Нарында биринчи ирет өтүп жатат. Ал Нарын шаарындагы жаштар ордосунун имаратында болуп, ага 200 дөй киши катышты.