Президент орозо айынын башталышы менен куттуктады

Бишкектеги борбордук мечит

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык орозо айынын башталышы менен куттуктады. Мамлекет башчы куттуктоосунда ар бир мусулманды жаман сөздөн алыс болуп, колунда жокторго каралашууга жана жакындары менен мамилени чыңдоого чакырган.

“Ар бирибиз күнүмдүк түйшүктөн бойду жыйып, Жараткан берген өмүрдү маңыздуу, адал жашап жатамбы деген суроого жооп издейбиз. Эгер ар бирибиздин ой-дилибиз таза болсо, үйүбүз, коомубуз таза болот”-деп айтылган куттуктоодо.

Кыргызстанда орозо бүгүн башталды. Ал исламдагы негизги беш парздын бири. Ал эми Орозо айт 6-июлда белгиленет. (BkA)