Ош: “Тез жардамга” эки автоунаа берилди

Марттагы шайлоодо Ош шаардык кеңешине өтпөй калган "Демократ" партиясы жергиликтүү "Тез жардам" медициналык кызматына бүгүн "Газель" үлгүсүндөгү эки автоунаа берди. Аны тапшырып жатып партия төрагасы Сейтек Качкынбаев муну саясий кызыкчылык эмес, элдин муктаждыгын чечүү аракети деп түшүндүрдү. Качкынбаевдин айтымында, шайлоо алдында эл менен жолугушуу учурунда тез жардам машинелери жетишсиз экени айтылган. Тиешелүү жабдыктары бар эки автоунаа 50 миң долларга сатып алынган.

500 миңдей адамды тейлеген Ош шаардык "Тез жардам" бекетинде 19 автоунаа бар. Анын 15и гана жарактуу. (ErN)