Могерини: Палестина-Израил сүйлөшүүлөрүн жандантуу керек

Федерика Могерини

Федерика Могерини

Дүйнөлүк коомчулук Палестина-Израил ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандантуусу керек. Бул тууралуу Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини 3-июнда Париждеги конференцияда билдирди.

"Айылдарды кеңейтип, үйлөрдү сүрдүрүү саясаты, зордук-зомбулук жана шыкакчылык Ослодо кабыл алынган келишимдин келечегин жокко чыгарышы мүмкүн” - деди Могерини.

Отуз чакты өлкөнүн министрлери жана уюмдар катышкан жыйынга Араб, Европа өлкөлөрү жана БУУнун коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү келишкен. Израил менен Палестинанын өкүлдөрү келген жок.