Көргөзмөгө өлкөдөгү айыл чарба, тамак-аш, жеңил өнөр жайы, курулуш жана кыймылсыз мүлк, туризм, жыгач иштетүү, банк жана каржы тармагындагы ишканалардын продукциялары коюлуп, маалымат берилүүдө.
Эл аралык деңгээлде биринчи жолу уюштурулуп жаткан эки күндүк иш-чара Кыргызстандагы Америка соода палатасы жана Экономика министрлигинин демилгеси менен өткөрүлүп жатат. Көргөзмө ата мекендик ишканалардын өндүрүштүк потенциалын чет элдиктерге тааныштыруу, өнөктөштөрдү жана инвесторлорду тартуу максатын көздөйт.
Бүгүн иш-чара алкагында аутизм менен ооруган балдарга колдоо көрсөтүү максатында “Кол суналы” кайрымдуулук этно-концерти өтөт.(BkA/TSh)