ЕБ Грузияга виза жеңилдиктерин берүүнү чече албады

Грузия.

Евробиримдиктин Брюсселдеги элчилери Грузия менен визасыз эреже киргизүү маселесин 1-июнда талкуулашты. Германия менен Франция буга каршы чыгып, натыйжада эч кандай чечим кабыл алынган жок. Бул маселе кийинки жумада каралышы ыктымал.

Мыйзамсыз миграция агымынын күчөшүнө байланыштуу Евробиримдик Түркия, Украина жана Косово менен да визасыз алаканы киргизүүнү кечеңдетүүдө.