Түркия армяндардын геноцидин таануу боюнча Германияны эскертти

Осмон империясы учурунда армяндардын массалык өлүмгө учурашын генциод катары тааныбоого Түркия Германияны 31-майда эскертти.

Германиянын Бундестагында бул маселе боюнча добуш берүү ушул жумада күтүлүүдө. 1915-17-жылдары түрк-осмондор тарабынан 1.5 миллион армяндын өлтүрүлүшүн айрым тарыхчылар 20-кылымдагы биринчи геноцид катары сыпаттап келет. 20дан ашык мамлекет аны геноцид деп тааныган. Германия алардын катарында эмес. Бирок өлкөдөгү бийликтеги партия аны таануу жөнүндө чечимди сунуштады. Бул маселе Германия жана Түркиянын мамилесинин жөнөкөй эмес мезгилине туш келүүдө. Германия жана Европа Биримдиги Анкара менен келишимди сактап, Түркия аркылуу келе турган мигранттардын агымын токтотушу керек. Андан сырткары Германияда 3 миллион түрк жашайт. Алар андай чечим кабыл алууга каршы. “Германия Түркия менен мамилесинде абайлашы керек”, - деди Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш. Ал эки-үч саясатчы үчүн Германия парламенти эки тараптуу мамилени бузууга барбайт деп ойлорун белгиледи . (AiT)