Аличордогу ата-бала

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөдөгү эң бийик жердин бири Памирдин чордонун кыргыздар байыртадан жердеп келишет. Тажикстанга карап калган Мургап кыргыз району Ош-Хорог жолу аркылуу гана сырткы дүйнөгө чыгат. Мургаптагы алигиче электр жарыгы да жете элек Аличор айылында турмуш шарты катаал болгон менен, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган, каада-салтты кадырлаган элдин уюткусу сакталуу бойдон. Жаңыл Жусупжандын кыска тасмасында аличордук мугалим Замир жана атасы Токур менен таанышабыз.