Орусия Курилдеги аскерин күчтөндүрөт

Курил аралы

Орусиянын Чыгыш-аскер аймагынын колбашчысы Сергей Суровикин Курил аралдарындагы аскердик инфраструктураны өнүктүрүү үчүн олуттуу аракеттер көрүлөрүн билдирди. Ал 27-майда сүйлөгөн сөзүндө бул аракеттер “аскер бөлүктөрүн курал менен кайрадан жабдып чыгуу” менен коштолорун белгиледи. Анын айтуусунда, “Орусия мындай кадамга эң кичинекей коркунучтун да жаралышына жол бербөө” максатында барууда.

Суровикин ошондой эле орусиялык флот Курил аралдарындагы архипелагга алты кеме жибергенин айтты. Анын сөзү боюнча бул кемелер аймакка Тынч океан флотун жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн изилдейт .

Ошол эле учурда Жапония Курил аралдарында Орусиянын аракеттерине дыкаттык менен көз салып турат. Бул тууралуу Жапониянын Орусиядагы элчиси Котаро Оцуки “Интерфакс” агенттигине билдирген.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР Жапониядан тартып алган Курил аралдары боюнча талаш Орусия менен Жапониянын ортосундагы чечилбеген маселе бойдон келүүдө.