28-майда Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында өкмөттүк деңгээлдеги алгачкы айыл чарба техникаларын тейлөөчү станциянын ачылышы болду. Иш-чарага вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев, Жогорку Кеңеш депутаты Бакыт Төрөбаев, айыл чарба министри Турдуназир Бекбоев жана парламенттин агрардык саясат комитетинин төрагасы Мирлан Бакиров катышты.
Өкмөттүк деңгээлде айыл чарба техникаларын тейлөөчү станцияларды жер-жерлерде ачуу демилгесин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы парламентте көтөрүп, өкмөткө сунуштаган. 2016-жылы 1-апрелде өкмөттүн токтому менен район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына “Айыл банк” аркылуу лизинг жолу менен техника сатып алууга уруксат берилген.
Кыргызстанда “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын күчү менен акыркы үч жылда 15 МТС түзүлгөн. Алар жазгы жер айдоо иштеринен тартып, күзгү оруп-жыйноо иштерине чейин дыйкандарга жардам берип келишет.(ZKo)