Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Кадамжайдагы селден набыт болгондор:
Жороев Зайир Шамидинович, 1991-жылы туулган, Көтөрмө айыл аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;
Жороев Шайырбек Шамидинович, 1987-жылы туулган, Көтөрмө айылы аймагындагы Кызыл-Булак айылынын тургуну;
Шайырбек уулу Алмаз, 2014-жылы туулган. Жороев Шайырбектин уулу;
Фарида Алымкулова, 1967-жылы туулган, Орозбеков айыл аймагындагы Учкун айылынын тургуну;
Зарипа Эрмекова, 1973-жылы туулган Майдан айылы аймагынын тургуну
Каза болгондордун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Куткарылган бала Нурлан уулу Жеңишбек, 2010-жылы туулган. Ал каза болгон Зарипа Эрмекованын уулу.
Ал эми автоунаадагы 7-жүргүнчү, 2013-жылы туулган Жороев Элдар изделүүдө. (ZKo)