Төрт балалуу эненин жакыр турмушу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жазгүл Ормонованын тагдыры өтө татаал. Өзү эне мээримин көрбөй чоңойгон. Атасы менен чоң энеси каза болгондон кийин туугандарынын колунда калган. Күйөөсү кайтыш болгондон кийин төрт баласы менен батирден батирге көчүп, тапкан акчасын үнөмдөйм деп анда-санда ачка жүрүп өмүр сүрүп келатат. Жөлөк пул албайт. Учурда Талас шаарындагы китеп дүкөндүн бир бөлмөсүндө баш калкалап жатат.