РИА «Новости»: Беларус Бакиевди бербейт

Курманбек Бакиев

Кыргыз бийлиги тарабынан экс-президент Курманбек Бакиевди өткөрүп берүү маселеси азырынча Белорус өлкөсү тарабынан каралбайт. Мындай билдирүүнү РИА “Новости” агенттиги Белорустун прокуратурасына шилтеме берип жарыялады.

“Курманбек Бакиев Белорус өлкөсүнүн жараны. Дүйнөлүк тажрыйбага ылайык Белорус өз жарандарын башка өлкөгө бербейт. Кыргыз тарап буга чейин да ушундай арыз менен кайрылып, бирок канааттандырылган эмес” – деп билдирет прокуратура өкүлү.

26-майда Бишкекте эки өлкөнүн консулдук департаментинин башчылары жолугуп, анда өлкөдө кылмыш кылып, Белоруста жашынып жүргөн кыргыз жарандарын өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Экс-президент Курманбек Бакиев 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин, үй-бүлөсү менен Белорус өлкөсүнө чыгып кетип, бүгүнкү күнгө чейин Минскте баш калкалап келет.

Буга чейин Бишкек шаардык аскер соту экс-президент Бакиевди 2010-жылы 7-апрелде тынч митингчилерге ок аткан - деп өмүр бою сыртынан абакка кескен. (SDz)