Абактагы өспүрүмдөр саны азайды

Абак.

Мыйзамды бузган өспүрүмдөр жана балдардын арасында абакта отургандардын саны азайды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Миннур Мамадзаде билдирди. 2005-жылы камактагы жеткинчектердин саны 178 жетсе, 2014-жылы 29 балага түшүп, жалпы сандык көрсөткүч 84 пайызга азайган.

Мамадзаде белилегендей, көрсөткүчтөр азайганы менен балдар арасында кылмышкерликтин алдын алуу, кылмыш кылган балдарды тынч турмушка көндүрүү жана аларга мыйзамдарды, укугун үйрөтүү жаатында көйгөйлөр дале арбын. (BCh)