Жапонияда "Чоң жетинин" саммити башталды

"Чоң жетинин" лидерлери

Ага Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония, АКШ жана Европа Биримдигинин лидерлери катышууда. Быйылкы жылы саммит Жапониянын Сима жарым аралында өтүүдө. Ал жерде лидерлер байыркы синтоисттик храмга барышып, андан кийин айдоочусу жок автомашиналарда жүрүп көрүштү.

Эки күнгө созула турган саммитте лидерлер ар түрдүү темага арналган беш жыйын өткөрөт. Алардын арасында террорчулукка каршы күрөш, Минск келишимин аткаруу бар. Жапония саммиттин кожоюну катары Кытай жана Вьетнамдын ортосунда талашка түшүп жаткан аралдарга байланыштуу маселени да көтөрмөкчү.

Жапон маалымат каражаттары Барак Обаманын сапарына өзгөчө көңүл бурууда. Ал бомба ташталган Хиросима жана Нагасакинин курмандыктарын эскерүү зыйнатына катышкан биринчи АКШ президенти болмокчу. (AiT)