Азербайжандын Жогорку соту “Азаттыктын” журналисти Исмаилованы 7,5 жылга кескен чечимди 3,5 жыл шарттуу жаза менен алмаштыргандан кийин Хадижа Исмаилова 25-майдан абактан чыкты. Сот мындай чечимди Исмаилованын апелляциялык арызынын негизинде чыгарган.
Фейсбуктагы баракчасына Исмаилова “Салам! Мен абактан чыктым. Колдоо үчүн баарына рахмат. Журналисттик ишимди улантам”, деп жазды.
Хадижа Исмаилова 2014-жылы декабрда кармалып, өткөн жылы сентябрда соттун өкүмү чыккан. Ал салык төлөөдөн качкан, мыйзамсыз ишкерлик кылган, кызмат абалынан пайдаланган деп айыпталган. Бирок ал президент Алиевдин жана үй-бүлөсүнүн коррупциялык иштерин жазганы үчүн камалганы айтылып, батыш өлкөлөрү бошотуу талабын коюп келген. (AiT)