Бүгүн таңкы саат 6:30да Жалал-Абад облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Сейсмология институтунан кабарлагандай силкинүү очогу Көк-Таш айылынан 6 чакырым алыс жерде болгон.
Натыйжада Көк-Таш жана Кызыл-Туу айылдарында 4,5 баллга чейин жер титирөө катталса, Шамалды-Сай, Майлуу-Сууда 4 балл, ал эми Үчкоргон, Кочкор-Ата, Таш-Көмүрдө силкинүү күчү 3,5 баллга чейин жетти.
Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана адам өмүрү кыйылган жок. Учурда тийиштүү кызматтар элдер менен жолугушууда. (SDz)