«Надежда Савченко Украинанын символуна айланды», - деп билдирген украин президенти Петро Порошенко Батыш өлкөлөрүнө куралдуу күчтөрдүн офицерин бошотууга жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирди.
Шаршембиде Киевдеги резиденциясында сүйлөгөн сөзүндө Порошенко учкучтан кийин "эми Донбассты жана Крымды кайтарып алабыз" деп айтты.
Президенттин жардыгы менен дээрлик эки жыл Орусиянын түрмөсүндө жатып чыккан Савченкого "Украина Баатыры" деген наам ыйгарылып, "Алтын жылдыз" ордени менен сыйланды.
Савченко өз кезегинде Орусия жарандарын «эч нерседен коркпоого», «чөгөлөбөшкө», өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырды.
Аскерий учкуч Савченко ошол эле күнү президент Петро Порошенконун учагы менен Киевге келген.
Анын алдында Орусиянын президенти Владимир Путин Савченкону гуманитардык негизде кечиргенин билдирген.
Анын орусиялык эки туткун, украин соту тарабынан Донбасста Москва колдогон жикчилердин катарында согушкандыгы үчүн ар бири 14 жылга эркинен ажыратылган Александр Александров жана Евгений Ерофеевге айырбашталганы маалымдалган.
Президент Порошенко аларга ырайым бергенден кийин экөө Москвага учуп кетишкен.
Савченко Украинанын чыгышында орусиялык эки журналистти өлтүрүүгө катышкан деп айыпталып, март айында 22 жылга кесилген. Савченко ал окуяга тиешеси жоктугун, уурдалып, Орусиянын аймагына мыйзамсыз алынып келгенин ырастоодо.
Аналитиктер Савченконун кайтарылышы экономикалык олку-солку, коррупцияга, өнөктөштөрү арасындагы ырксыздыкка, өлкө чыгышындагы кризиске туш болгон президент Порошенконун саясий жеңиши катары каралышы ыктымал дешет.