Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду

Хадижа Исмаилованы түрмөдөн бошотууну талап кылгандар. Молдова

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун Азербайжан редакциясынын журналисти Хадижа Исмаилова түрмөдөн бошотулду. Анын алдында 25-майда өлкөнүн Жогорку Соту апелляциялык арызын карагандан кийин 7,5 жыл эркинен ажыратуу жазасын өзгөртүп, 3,5 жылга шарттуу түрдө кесүү чечимин чыгарган. Исмаилова өзү сот залында болгон жок, бирок көп узабай эркин кылынды.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун башкы редактору Ненад Пейич: “Бул – Хадижа жана бүтүндөй журналисттер, сөз эркиндиги үчүн маанилүү күн. Хадижанын өзү, жакындары үчүн абдан кубанып, анын ишке кайтышын чыдамсыздык менен күтүп турган чак”, - деди.

АКШнын мамлекеттик катчысынын Коомдук дипломатия жана Коомдук байланыштар боюнча орун басары Рик Стенгел "Баку сотунун чечими чыныгы жакшы кабар",- деп Твиттерде жазды.

Исмаилова өткөн күздө көз боёмочулук жана салык төлөөдөн качуу деген беренелер боюнча жети жарым жылга кесилген. Батыш жана бир катар укук коргоочу уюмдар Исмаилова президент Илхам Алиевдин жакындары аралашкан коррупциялык иштердин бетин ачкан иликтөөлөрү үчүн куугунтукталып жатат деп, кое берилишин талап кылышкан.